top of page

Сыйлыктар текчебизге дагы бир сыйлык кошулду

  • Writer: umai group
    umai group
  • Jun 14
  • 1 min read

«Умай Групп» компаниясы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилди.

Бул Реестрге салыктык милдеттенмелерин ак ниет аткарган, мыйзам талаптарын так сактаган, жогорку ишкердик абройго ээ болгон жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон компаниялар киргизилет.


Реестрге киргизилиши — бизнестин жоопкерчиликтүү жүргүзүлүшүнүн, ачык-айкындуулуктун, ишенимдүүлүктүн жана социалдык жоопкерчиликтин жогорку стандарттарына шайкеш келүүсүнүн ырастоосу болуп саналат.


Бул жетишкендик «Умай Групптун» бүтүндөй жамаатынын биргелешкен жана үзүрлүү эмгегинин натыйжасы. Биз өнүгүүгө умтулууну улантып, өнөктөштөрдүн жана сатып алуучулардын ишенимин бекемдеп, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп келебиз.

bottom of page